Саясий мамилелер - саясий бийликти колго алуу, пайдалануу жана кайрадан бөлүштүрүү боюнча саясаттын субъектилеринин өз ара аракеттери.

Саясий мамилелердин чөйрөсү дайыма кыймылда болот жана коомдук турмуштун саясатташуу деңгээлине көз каранды. Саясий мамилелердин субъектилери катары индивиддер, топтор, катмарлар, жалпылыктар, коомдун өзү жана анын уюмдары менен институттары эсептелет. Келишүү, консенсус, тилектештик, атаандаштык, конфликт, каршылашуу ж. б. мамилелер саясий мамилелер катары каралат. Саясий мамилелердин эң негизгилеринин катарына саясий башкаруу (башкаруучу менен баш ийүүчүлөрдүн ортосундагы) жана саясий бийлик жүргүзүү (бийликтегилер менен бийликке баш ийүүчүлөрдүн ортосундагы) мамилелери кирет. Саясий илимде саясий мамилелер симметриялык менен асимметриялык, туурасынан жана тигинен, элитарлык жана иерархиялык түрлөрүн айырмалашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4