Севортян Эрванд Владимирович

Севортян Эрванд Владимирович (1901-1978) - тилчи, түрколог, филология илимдеринин доктору (1957), профессор (1969).

  • Жумушчу үй-бүлөсүнөн.
  • 1930-жылы Крым педагогикалык институтунун чыгыш бөлүмүн бүткөн.
  • Москва жана Ленинград Тил илими илимий изилдөө институтунун аспирантурасын бүткөндөн кийин (1931-1935),
  • Ленинград тил илими илимий изилдөө институтунда (1935-1936) иштеген.
  • 1936-жылдан СССР ИАнын Тил илими институтунда ага илимий кызматкер.
  • Севортяндын 70тен ашык илимий эмгеги бар.
  • Аларда негизинен түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы, сөз жасоо маселелери, түрк тилинин фонетикасы изилденет.
  • Севортян Түрк лингвистика коомунун корреспондент мүчөсү (1957), «Советская тюркология» журналынын редколлегия мүчөсү болгон.

Эмгектери:

  • Аффиксы глаголообразования в азербайджанском языке. Опыт сравнительного исследования, М., 1962;
  • Аффиксы именного словообразования в азербайджанском языке. Опыт сравнителъного исследования, М., 1966;
  • Этимологический словаръ тюркских языков. (Общетюркские и междутюркские основы на гласные), m. 1-2, М., 1974, 1979.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9