Сезгичтик
Сезгичтик(орус. Сенсибельность) (Сенсибелдүүлүк же сенсибелдештирүү-сезимталдык) – дененин бөлөк заттарга (аллергендерге) өтө сезгичтиги.
Сезгичтик организмде бактерия, вирус (алардын антигени, уусу), ошондой эле уулар пайда болгон кезде жаралат. Дененин өзүндөгү белоктор бузулганда аутосенсибелдүүлүк (өзүнүн сезгичтиги) пайда болушу мүмкүн. Сезгичтикте аллергиялык оорулардын башталышы иммунитет процессине окшошуп, аллергендер ретикуло-эндотелиалдык системанын клеткаларында (вирустарды, микробдорду кармап калуучу көп клеткалуу жандуу организмдеги клеткалардын биримдиги) топтолуп, анда ооруга каршылык көрсөтүүчү нерселер пайда болот.
Сезгичтик иммунитеттер сыяктуу эле күчтүү жана алсыз болуп бөлүнөт. Демек, сезгичтик – бул клеткалардын жана ткандардын сезгичтигинин жогорулашы.
Сезгичтик — тирүү организмдин сырткы жана ички чөйрөнүн таасирине жооп берүү жөндөмдүүлүгү.
Киши түрдүү дүүлүктүрүүлөрдү же ички жана сырткы чөйрөнүн өзгөрүүлөрүн рецептор аркылуу кабыл алат. Рецепторлор териде жана былжыр челде (үстүңкү), булчуң жана тарамыштарда (терең) жана ички органдарда жайгашат. Теридеги рецепторлор бир нерсенин тийгенин, басканын, температуранын өзгөрүшүн, ооруну сезет. Ички органдардын рецепторлору организмдин ички чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү, ал эми булчуң-муун рецепторлору дене бөлүктөрүнүн мейкиндиктеги абалынын өзгөрүүсүн кабыл алат. Рецепторлордо дүүлүктүрүүлөргө жооп катары нерв импульсу пайда болуп, мээге берилет да, тийиштүү сезим (оору, температуралык, басым жана башкалар) пайда болот. Рецепторлордун түзүлүшү эң жөнөкөй нерв учтарынан баштап, татаал адистештирилген клеткага чейин өтө ар түрдүү. Рецепторлордун козгогучтугу алардын абалына, ошондой эле борбордук нерв системасына жараша болот. Дүүлүктүрүү канчалык күчтүү жана узак болсо, ошончо тез сезилет. Рецепторлордун бардыгынын жалпы касиети — адаптация, башкача айтканда дүүлүктүргүчтүн күчүнө көнүгүүсү (ыңгайлануу). Мында дайыма (туруктуу) таасир эткен дүүлүктүргүчкө cезгичтик төмөндөп, көнүп калат. Мисалы, жытка, ызы-чууга, жарыкка жана башкалар.
Сезгичтиктин бузулушу
түзөтүүСезгичтиктин бузулушу (төмөндөшү же өтө сезгич) же такыр сезбей калуу түрдүү ооруларда кездешет. Ал рецепторлордун, нерв жолдорунун, мээнин борборлорунун жабыркашынан болот. Өтө cезгичтикте акырын эле тийип койсо катуу ооругандай сезилет. Ооруну сезбей калуу негизги бузулуу болуп эсептелет. Ооруу — бул зыяндуу дүүлүктүргүчтүн сигналы. Аны сезбеген киши ага көңүл бурбай, коркунучтуу оорудан өз убагында дарыланбайт. Ооруну сезбеген киши температураны да сезбейт, алар бир жерин күйгүзүп алса аны сезбейт.
Маанилүүлүгү
түзөтүүАдам кадимкидей кыймылдоо үчүн булчуң-муун рецепторлорунун cезгичтиктиги өтө маанилүү. Бул cезгичтиктин жоголушунда кыймыл так болбой, координация бузулат. Андай кишилер жакшы баса албайт, жазуу, кашык менен тамак ичүү кыйын, аларга көзүн жуумп кыймылдоо өтө оор. Дени соо кишилерде ички органдардан келген импульстар сезилбейт. Бирок эгер жүрөк, ичеги-карын, бөйрөк жана башкалар органдын иши бузулса, бул импульстар мээге коркунучтун сигналын берет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8