Сенжермен тынчтык келишими (1919)

Сенжермен тынчтык келишими (1919) - Биринчи дүйнөлүк согушту (1914-18) корутундулаган тынчтык келишимдердин бири.

Версаль-Вашингтон системасынын бир бөлүгү. Бир жактан АКШ, Британ империясы, Франция, Италия, Япония ж. б. «союздаш жана бириккен державалар», экинчи жактан Австрия Парижге жакын Сен-Жермен-ан-Ле шаарында 10-сентябрда кол койгон. Ал Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилген Австрия-Венгрия империясынын кулашын жана анын ордуна Австрия республикасы менен Венгрия, Чехославакия, Серб-Хорват-Словения (1929-ж. октябрдан Югославия) мамлекеттеринин түзүлүшүн белгилеген.

Келишим боюнча Австриянын составына Жогорку жана төмөнкү Австрия, Зальцбург, Каринтия, Штирияныя бир бөлүгу, Форарльберг, Түндүк Тироль жана Бургенланд кирип, Буковинанын бир бөлүгү Румынияга, Түштүк Тироль Италияга өтүп, Түштүк славяндардын бардык жерлери Габсбургдардын мурдагы империясынан бөлүнүп чыккан. Ал Австрия армиясынын санын чектеп, Австрияны репарация төлөөгө милдеттендирген, Империалисттик державалар келишимге катышкан өлкөлөрдү Совет мамлекетине каршы плацдарм катары пайдаланууга аракеттенген.

Сенжермен тынчтык келишими Нацисттик Германиянын 1938-ж. Австрияны басып алышы (Аншлюс) менен жоюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.