Сирияда Орусиянын Су-24 учагынын кыйрашы 2015

Сирияда Орусиянын Су-24 учагынын кыйрашы - 2015 жылдын 24-ноябрь күнү Түркия менен Сирия чектешкен аймактан «Ислам мамлекети» террордук уюму менен күрөшүп жаткан орусиялык Су-24 аскердик учагы түркиялык F-16 учагынын аба ракетасы тарабынан атылып, Сириянын аймагына кулаган. Учакта болгон 2 учкуч секирип кетүүгө үлгүрүшкөн. Алардын бири каза тапса, экинчиси тирүү калган. Түркиялык маалымат булактары учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдиришкен. Ошол эле күнү Орусия президенти Владимир Путин Орусиянын учагы 6 миӊ метр бийиктикте Түркиянын аймагынан 1 чакырым алыстыкта учуп баратканда атылганын, бул окуя орус-түрк мамилелерине олуттуу кесепеттерди алып келерин айткан. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо мекендештерин Түркияга баруудан баш тартууга чакырган. Ал ортодо расмий Вашингтон да «учак Сириянын аймагынан атылган» деген пикирин айтышкан. Бул окуя боюнча түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Түркия өз өлкөсүнүн аба мейкиндигин коргогонун жана мындай окуя келип чыкпашы үчүн көп ирет Орусияга эскертүү берилгенин билдирдирген. Жыйынтыгында 26-ноябрь күнү Түркиядан Сирияга гуманитардык жардам алып бараткан оор жүк ташуучу унааларга орусиялык учактар тарабынан чабуул жасалып, 7 киши набыт болуп, 10 киши жаракат алган.

Су-24 учагын.

Бул окуя жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 26-ноябрдагы жыйынында депутаттар Орусия менен Түркиянын ортосундагы абалга кыргыз бийлиги кандай реакция кыларына кызыгышты. Ал эми Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков: «Бүгүнкү күндөгү шарттарда бул окуя абалды ого бетер курчутат. Түрк тарап кескин аракеттерге барбай, чыдамкай болушу керек эле. Бардык көйгөйлөр сүйлөшүү менен гана чечилиши керек»,- деген билдирүүсүн жазган.

Ой пикирлер түзөтүү

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары ЖККУга мүчө өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды «аскердик-саясий өнөктөшүн колдобой жатышат» деп күнөөлөп чыгышты.

«Орусиянын аскердик учагын атып түшүрөрү менен Түркия НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, альянс тезинен жыйынга чогулду. Анкара «Орусия Түркиянын аба мейкиндигин бузду» деген айыптоосу боюнча союздаштарынын толук колдоосуна ээ болду. Ал эми ЖККУ боюнча Москванын союздаштары өз позицияларын конфликттен 2 күн өткүчө да билдиришпеди» деп жазды Лента.ру агенттиги.

Орусиянын союздаштарынын чечкинсиздигин түшүнсө болот. Анткени Түркия ЖККУга мүчө өлкөлөр менен экономикалык бекем катыштары бар ири держава. Анын артында АКШ менен өнөктөштөрүнүн күчтүү колдоосу турат. Бирок баары бир ЖККУга мүчө өлкөлөргө ким кас, ким дос экенин так аныктап алууга туура келет» деп улантат Лента.ру.

«ЖККУга мүчө бардык өлкөлөр учактын атып түшүрүлүшүнөн улам келип чыккан Орусиянын Түркияга каршы аракеттерин түшүнөт» деп билдирди ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа.

Бул окуядан кийин «Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыйын абалда калды. Бир жагынан ал орусиячыл саясатчы катары белгилүү.2015 жылы Кыргызстан ЕАЭСке мүчө болуп кирген. Экинчи жагынан Атамбаев түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жакшы мамиледе. Атүгүл президенттик шайлоодо Эрдоган утуп чыкканда анын жеӊишинин урматына уюштурулган митингде сөз сүйлөгөн.

СУ-24 учагынын кыйрашы түзөтүү

 
Түркиянын схемасы боюнча.
 
Орусиянын схемасы боюнча.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү