Согуш күнөөкөрлөрү - Бул термин түрдүү мааниде колдонулат.

Биринчиден, кандайдыр бир согуш аягына чыккандан кийин жеңген тарап жеңилген тарапты жазалоо үчүн жеңилген тараптын лидерлерин согуш күнөөкөрлөрү деп эсептешет. Мисалы, II Дүйнөлүк согуштан кийин фашисттик лидерлер Нюрнберг Сотунда, Япония лидерлери Токиодо согуш күнөөкөрлөрү деп жазаландырылган.

Согуш күнөөкөрлөрү негизинен, аскердик сот менен согуштук сот органдарында соттолот. Башка тараптан алып караганда, кандайдыр бир мамлекеттин согушка катышуусуна себепкер болгон жана ал үчүн айыпталган өлкө лидерлери өзүнүн калкы астында согуш күнөөкөрлөрү деп аталат. Түркиянын I Дүйнөлүк согушка катышуусуна себепкер болгон кээ бир өлкө лидерлери ушул себептен улам соттолгон.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9