Сокотралыктар
Сокотралыктар — семит эли. Сокотра (Йеменге караштуу) аралынын түпкү калкы.
Саны 71,4 миң адам.
Сокотралыктар | |
| |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Тили | |
Дини | |
Тууган элдер | |
Келип чыгышы |
Тил
түзөтүүСокотра тили семит уясынын түштүк аравия тобуна кирет. Араб тили да колдонулат.
Ишенимдер
түзөтүүИшенгендер мусулмандар (шафит мазхабынын сүннөтөрү). 15-кылымдын аягына чейин аралдын калкы христиан (несториан) болгон. 1480-жылы аралды Махра султандыгы басып алгандан кийин, калк исламдашкан. Исламга чейинки (бутпарас жана христиан) элементтер сакталып калган.
Келип чыгышы
түзөтүүЭлдин калыптанышына аралдын байыркы түштүк семит уруулары, индиялыктар, гректер, арабдар, эфиопиялыктар, сомалилер, бантулар, португалдар катышкан.
Экономика
түзөтүү- Балыкчылык (акула, тунец, ментициррус, риф балыктары, омар ж.б.). Акуланын эти экспортко кетет.
- Багбанчылык (финник ж.б.).
- Малчылык (кой, эчки, уй, төө) тоолуу жерлерде. Эритилген уйдун майын (ги) материкке сатканга алпарышат.
- Жыпар жыттуу чайырларды (ладан, мирра, драцена) чогултуу. Баары экспортко кетет.
Турак жай
түзөтүүТоолордо таштан курулган үйлөрдө жашашат. Үңкүрлөр сезондук турак жай катары колдонулат. Жээк түздүгүндө алар ракушечниктен жана пальма бутактарынын кепелеринде жашашат.
Маданият
түзөтүүБай оозеки фольклор сакталып калган – мифтер, жомоктор, уламыштар, теметхель (афористикалык төрт сап ырлар), каада-салт ырлар (майрамдык то’одиин, эмгектик кулхель ж.б.).
Булактар
түзөтүүТышкы шилтемелер
түзөтүү- http://www.turlocman.ru/yemen/3560 Archived 2013-12-27 at the Wayback Machine