Сонгай (эл)
Сонгай (сонгой) — Батыш Африкадагы (Нигер, Мали, Буркина-Фасо, Нигерия, Бенин) эл[1].
Сонгай | |
Сонгай эркеги | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 6 млн (2015) | |
Тили | |
Дини |
мусулман-сүнөттөр (маликит мазхабы) |
Расалык тиби |
Сонгай эли Сахаранын түштүгүндө Нигер дарыясынын боюнда Дженне шаарынан тартып Сокото дарыянын куймасына чейин отурукташкан. Сонгай эли бир нече субэтникалык топторго (джерма, койраборо сенни, денди, хомбори, дауссахак, белбали ж.б.) бөлүнөт. Жашаган кепелердин формалары сүйрү келет. Салты жана фольклору (мифология, жомок, ырлар) коншу элдердикинен өзгөчөлөнөт.
Саны 6 млн (2015)[1].
Тил
түзөтүүСонгай тилдеринде (же диалектеринде) сүйлөшөт. Сонгай тилдери сонгай-зарма тил уясына кирет. Ал тил уясы гипотетикалык Нил-сахара тил макроүй-бүлөнүн курамына шарттуу түрдө киргизилген.
Орто кылымдарда сонгай эли араб жазуусун колдонгон. Азыркы сонгай жазуусу латын алфавиттин негизинде.
Ошондой эле хауса, фульбе, туарег жана француз тилдерин билгендер да бар.
Дин
түзөтүүКөпчүлүгү мусулмандар. Сүннөт багытынын маликит мазхабын тутушат.
Чарбалык иштер
түзөтүүСугат дыйканчылык (сорго, таруу, күрүч). Балык уулоо. Малдарын фульбе малчыларына бактырышат. Кол өнөрчүлүк (темир устачылык, булгаары иштетүү, токуу) өнүккөн.
Тарыхы
түзөтүүАлгачкы сонгай көчмөн уруулары азыркы мекенине б.з. I м. ж. келишкен. Сонгай элинин калыптанышына жергиликтүү дыйканчылык, балык уулоо жана мергенчилик менен алектенген уруулар (сорко, габиби, гов) катышкан.
15-16 кылымдарда Сонгай мамлекетин түзүшкөн. Борбор шаары — Гао. Ал мамлекет күчтүн туу чокусуна 16 кылымдын башында жетип, Батыш Африкада эң ири саясий бирикмеге айланды. Салык, акча, жер жана аскер реформалар жүргүзүлгөн. Атчан аскерлердин жана дарыя флотунун түзүлүшүнө көңүл бурулган. Экономика жактан Сонгай мамлекети транссахардык соода, туз өндүрүү, кул жана мал сатуу менен көтөрүлгөн. Шаарларда китепканалар, мечиттер, медреселер, кербен-сарайлар салынган.
16 кылымдын аягында марокко аскерлери Сонгай мамлекетин талкалап жок кылышкан.