Сон-Көл эстеликтериСоң-Көлдүн айланасындагы ар кыл доорго таандык дөбө-мүрзөлөр. Б.з.ч. 1-миң жылдыкка тиешелүү дөбө-мүрзөлөр; түрк доорунан калган балбалдар жана түрк жаныбарлардын ташка чегилген сүрөттөрү, кездешет, анын ичинде Манастын ысмы менен байланышкан элге кеңири белгилүү Таштулга, Тулпарташ, Аккуланын акыры аталган таш да бар. Соң-Көл этеликтериндеги 1–5-кылымга таандык дөбө-мүрзөлөрдү (айрымдары казанактуу), түрк балбалдарын 1955-жылы А. К. Кибиров жана 1961–62-жылы Я. А. Шер изилдеген. Мүрзөлөрдөгү өлүктөрдүн жанынан жыгач табак, темир бычак, канжар, жаа, темир жебелер жана койдун сөөктөрү табылган. 1995-жылы Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых куруму археологиялык изилдөө иштерин Балабейит, Чоңдөбө, Чалчыкбулак жерлеринде жүргүзүшкөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.