Таштулга
Таштулга, Манастын тулгасы – Соң-Көлдүн түштүк-чыгыш жээгиндеги Кумбел жана Тепши сайларынын аралыгындагы б.з.ч. 8–9-кылымдарга таандык тарыхый-археологиялык комплекс. 9 тегерек коргончодон турат. Алар түштүктөн түндүктү карай созулуп, диаметри 3,35–3,66 м. Ар бир тегерек 8 жылма гранит көлөмдүү кой таштан турат. Кой таштардын чоңдугу 91,3–152 см. Тегеректерден алыс эмес жерлерде бир топ чакан дөбө-бейиттер (көрүстөн) жана 2 таш мамы бар. Бул археологиялык эстеликтерди жергиликтүү эл Манас атын байлаган таш мамы (Аккуланын мамысы, бийиктиги 152,4 см) деп коет. Мындай 8 таштан турган көлөмдүү эстеликтер Алтай–Теңир-Тоо аймактарынан гана кездешет.
Колдонулган адабият
түзөтүү- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|