«Сулайман-Тоо» (орус. Сулейман гора, англ. Suleiman Mountain) — Орусиялык "Дип коммьюникейшн" компаниясы жана "Айтыш фильм" киностудиясы менен биргеликте тартылган толук метраждуу тасма. Тасманын режиссёру - Елизавета Стишова, продюсерлери - Елена Яцура жана Садык Шер-Нияз.

Сулайман-Тоо
Жанры

Мелодрама

Режиссёру

Елизавета Стишова[1]

Продюсери

Елена Яцура
Садык Шер-Нияз

Сценарийдин
автору

Алиса Хмельницкая[2]

Башкы ролдордо

Асет Иманалиев
Перизат Эрманбетова
Даниел Дайырбеков
Тургунай Эркинбекова

Оператору

Тудор Владимир Пандуру

Кинокомпания

Дип коммьюникейшн
Айтыш фильм

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

 Кыргызстан
 Орусия
 Польша

Тили

Кыргызча, Орусча,

Жылы

2017

IMDb

ID 7336410

Мазмуну түзөтүү

"Сулайман-Тоо" тасмасында заманбап жашоодогу окуялар баяндалат. Тасмада эки аялы болот, уурулук менен жан баккан 45 жаштагы Карабастын жашоосу чагылдырылат. Расмий никеде турган Жыпара аттуу аялы экөөнүн ортосунда уулу бар болот. Бирок Карабас түрмөдө отурган убакта уулу балдар ооруканасынан дайынсыз жоголуп кетет. Карабас аялына боору ооруп, аны менен жашап жүрөт, бирок бул аёо сезими анын Турганбүбү деген жаш сулууну сүйүп калуусуна тоскоол болбойт. Турганбүбүнүн Карабастан кош бойлуу экенин билген Жыпара күйөөсүн кетирбей алып калуу үчүн айласыздан балдар үйүнөн бала багып алат[3]

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Асет Иманалиев Карабас Карабас
Перизат Эрманбетова Жыпара Карабастын аялы Жыпара
Даниел Дайырбеков Улук Улук
Тургунай Эркинбекова Турганбү Карабастын жаш жубайы Турганбү
Назира Мамбетова Элдик табып

Тартуу иштери түзөтүү

Тасманы тартуу иштери толугу менен сентябрь, октябрь айларында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында тартылып бүткөн.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Мировая премьера фильма «Сулайман-Тоо» состоится в Торонто на кинофестивале
  2. Кино-Театр.РУ  (орусча)
  3. Кыргызско-российский фильм «Сулайман-Тоо» покажут на кинофестивале в Торонто  (орусча)