Сыргактын кошунга кабар бергени

Сыргактын кошунга кабар бергени — сюжеттин өнүгүшүндөгү маанилүү бутактардын бири, окуялардын татаалданышындагы орчундуу түйүн.

Чалгынга кеткен баатырлардан кабар кечиккенге кабатыр болуп, кароол карап жүргөн Бакай катуу келаткан Сыргакты алыстан эле көрүп, алдынан тосуп турса байкабай өтүп баратат. Кыйкырса укпайт. «Бул мынча эмнени көргөн» деп ачууланган Бакай Бозжоргого камчы уруп, Сыргакты кууп жетип найзанын түпөгүнөн кармап, түбү менен капталга коюп калат. Аттан учуп кете жаздаган Сыргак ат жалдап араң токтолуп, кайдан жеткен жоо болуп кетти деген ой менен найзаны улай кылчайып караса, абасы Бакай. Шашкан Сыргактын оозуна «аба, аба!» — дегенден башка сөз кирбей алактайт. Ачуусу ого бетер келген Бакай эс-акылың кайда, сенин?! Абадан башка сөзүң жокпу? — деп оройдон ары камчы менен салып калды. Экөө ал жерге токтоп, эсине келген Сыргактан үч баатырдын кызыл өрттүн ичинде калганын уккан Бакай: Баатырлар жоонун курчоосунда калды деп алаңдап жетип барсаң, араң турган алты кан көңтөрүлө кайра жөнөбөйбү? Андан көрө кытайдын көп жылкысын тийип алдык, куугун келбеди, келип олжосун бөлүп алсын деп силерге кабарга келдим — деп айтып бар деп үйрөтүп, Сыргактын үстү-башын күбүнтүп, жуунтуп-тазалантып алып, шашпаган болуп, жай бастырып кошунга келишти. Олжо алсын дегенди уккан кол жапырт аттанып, жөнөп калышат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта айтылбайт. Саякбай Каралаевдин вариантында: Бакай уйкудан чочуп ойгонуп, Манастын аты баспай калды го деп бушайман жеп, Чөл-Өлүүнүн белинен туш тарапты карап туруп алыстан келе жаткан караанды көрөт, утурлап барып Сыргакка жолугат. Ал мени тоспо, коё бер, жарадармын, шайым жок — деп наалыш кылат. Ачуусу келген Бакай камчы менен Сыргакты аттан түшүрө чаап, тилдеп, жоону алдык, олжону бөлүшкөнгө чакырып келдим деп айтып баргын деп, кат жазып колуна берип, ээрчитип барат. Ажыбай Аккуланы жетелеп шаша жөнөйт.

Эпизод Шапак Рысмендеевдин варианты,Молдобасан Мусулманкуловдун варианты,Багыш Сазановдун варианты, ТМВда негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына, Саякбай Каралаевдин вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4