Сүттү-Булак сүрөтү – 7–8-кылымдарга таандык сөөккө тартылган сүрөттүн үлгүсү. 1995-ж. Сүттүүбулак археологиялык эстелигинен сүрөт тартылган эки жалпак сөөк көмүлгөн аялдын бел кырчоосунан табылган. Узундугу 7 см, туурасы 4 см келген жалпак сөөктүн бир жак башы балыктын куйругу сыяктуу кооздолгон.
1-сөөктө майдан талаасында үч-үчтөн болуп бири-бирине каршы турган 6 жоокердин сүрөтү оюп салынган. Оң тарабында эки жоокер тизелеп жаа тартып, үчүнчүсү каршыда жыгылган душманга кылыч шилтеп жаткан учуру чагылдырылган. Бардык жоокерлер өрүлгөн узун чачтуу, узун мурутчан, байыркы түрк калктарына түспөлдөш.
2-сөөктө эки адам келбети салынган. Маңдайынан тартылган адамдын баш жагы кө-лөмдүү, үч мүйүздүү баш кийимчен аял киши кейиптүү. Сол тарапта узун чачтуу, ичке каштуу, түз мурундуу, мурутчан байыркы түрк калктары чагылдырылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN 5-89750-150-5