Сөөктү көмүү салты, анын көп түрдүү мотивдери диний ишенимдер менен тыгыз байланышкан. Сөөк көмүү адаты диний идеологиянын эң консервативдүү тармагы. Сөөктү көмүү салтынын айрым белгилеринин өзгөрүшү этностук топтордун дүйнөгө болгон көз караштарындагы бурулуштарга байланыштуу. Сөөктү көмүү салты – диний системанын натыйжасы. Жөрөлгөнүн өзүндө өлгөн адамдын жынысы, социалдык абалы, теги, ал түгүл өлүмдүн мүнөзү да эске алынат. Ар бир этностук топтун диний түшүнүгүнө ылайык, кыйла жылдары калыптанган өзгөчө белгилери болот. Ар бир байыркы көрүстөн тобун казып изилдегенден кийин тарых илиминин карамагына ошол эстеликти калтырган коомдун турмушу боюнча булак келип түшөт. Сөөктү жерге берүү, тескерисинче изоляциялап чопо идишке, табытка салуу, өрттөп көмүү (кремация), жерге көмүү (ингумация), этинен ажыратып көмүү, сөөгүн бакка асып коюу, маркумдун өздүк буюмдарын гана көмүү, жаткан, отурган, бүрүштүрүлгөн абалда, көмкөрөсүнөн жаткырып көмүүдө ж.б. бири-биринен айырмаланган түрлөрүн ажыратууга болот. Сөөктү көмүү салтын окуп үйрөнүү “тафология” деп аталат. (гр. тафос – мүрзө, сөөктү көмүү, көмүлгөн жер; логос – билим, окуу). Археологдор жана этнографтар үчүн бул салтты изилдөө менен ар бир калктын салтындагы байыркы белгилерди таап чыгышат. Салтка кирген жаңычылдыктар тез баамдалат. Байыркы жана орто кылымдагы калктардын сөөктү көмүү салты менен кошо алардын материалдык маданиятын изилдөө мүмкүнчүлүктөр арбын, себеби адам каза болгондо ага тиешелүү жана салт талап кылган буюм, маркумдун ритуалдык тамагы табылат. Кээ бир учурда жанына мал кошо коюлган, айрыкча жылкы толук жабдыгы менен кездешет. Кыргызстандагы б. з. ч. 2-миң жылдыктан тартып б.з. 2-миң жылдыгынын ортосуна чейинки байыркы жана орто кылымдардагы калктардын көрүстөндөрү казылып, изилденүүдө. Көрүстөндөр бир канча бейиттен турат.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN