Тазбаймат кырк чоронун бири. Башка чоролордун катарында дайыма аты аталып гана өтпөстөн айрым окуяларга активдүү катышып, өзүнчө мүнөздөмөгө, баатырдык сапатка ээ каарман катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Ыраман уулу ыктуусу,

Эр Тазбаймат мыктуусу,

Казат десе камданып,

Каршы жоого чыкчуусу (Сагымбай Орозбаков, 2. 150) делип жоого аттанганда алдыңкы катарда болот, ошондой эле асаба алып жүрүүчүнүн милдетин да аткарат (Сагымбай Орозбаков, 3. 50).

Туу алып жүрүүчү чоро экендиги Валиханов жазып алган эпизоддо да "Тегерек журтка далданым, Туу көтөргөн балбаным" (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 185-б.) — деп эскерилет. Эпостун варианттарында Т. чоролордун кенжеси катары сүрөттөлүп, Манаска тамак бышыруучу чоролордон экендиги да айтылат. Радлов жазып алган вариантта чайчысы, ал эми Валиханов жазып алган эпизод боюнча "Казы менен жал кайнаткан" ашчысы катары сүрөттөлөт "Чоң казатка аттанганда Т. он башы болуп шайланат, анын карамагына Манас кирет. Кол болжолдуу жерине келгенде Алмамбет тактап эсебин алат. Ошондо Т. бир кишисин таппайт. Көрсө ал Манасты унутуп калыптыр. Манасчы Т-тын жоругун юморлуу сүрөттөөлөр менен берет жана бул сценада юмор өзүнүн жогорку нокотуна жетет:

Уруп кеткен Тазбаймат,

Улук киши сен болсоң,

Унуткан кишиң мен болсом,

Ушу жорук саа чала

Он башы ойрон сен болсоң,

Оюңда жогуң мен болсом (Сагымбай Орозбаков, 4. 170), — деп Манас күлгөндө элдин баары күлөт. Ушундан кийин эл арасында "Тазбаймат Манасты унуткандай" деген ылакап сөз айтылып калыптыр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4