ТайгакКемин районун аймагындагы кууш жана терең капчыгай. Чүй дарыясынын Терек-Жону (түштүк-батышта) менен Кемин (түндүк-чыгышта) тоолорунун аралыгындагы жээги. узундугу 1 км, туурасы 150 мге жакын. Абсолюттук бийиктиги 1340–1350 м. Боом капчыгайынын «оозу», Чоң-Кемин суусунун чатынан бир аз төмөн, Кемин шаарынан 17–18 км түштүк-чыгышта. Байыркы палеозойдуң гнейс, аки таш ж. б. тектеринен турган тоолор аска-зоокалуу, жылаңач жана корумдуу беттерди түзөт. Азыркыдай чоң жол, кең көпүрө жок кезде Чүй өрөөнүнөн Ысык-Көлгө Тайгак аркылуу катташуу өтө кыйынчылыкты туудурган. Шар аккан Чүйдүн бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө Тайгак-Кечүү аркылуу өтүү үчүн Тайгак-Ташты (дарыянын сол жээги, кашаты) кыялап, «кой жолдор» менен жүрүүгө туура келген. Жолоочулар, кербендер, чубурган мал жайдыр-кыштыр Тайгак аркылуу өткөн. 19-кылымдын 70-жылдардын башында Чүй суусуна көпүрө салынып, Боом капчыгайы аркылуу жол чабылган. 1985–87-жылы бул жерде жаңы чоң көпүрө курулган. Тайгак-маанилүү транзиттик жолдор тоому. Андан республиканын көп жерлерин (Чүй, Чоң Кемин, Ысык-Көл, Нарын, Жумгал ж. б.) байланыштырган автомобиль жана темир жол өтөт.

Колдонулган адабияттарОңдоо