Тайгак кечүү (кино) Internet Movie Database корунун желеконушунда

Тайгак кечүү
Тасмадан бир кадр
РежиссеруУбукеев, Мелис
ЖазуучуЭлебаев, Мукай
СценарийиУбукеев, Мелис, Николай Рожков
ОператоруКадыржан Кыдыралиев
Негизинде"Бороонду күндө", Элебаев, Мукай
ТартылгандарА. Абаева (Уулжан), Ш. Кобегенов (Мукаш), Бакен Кыдыкеева (Азиз Эне),Муратбек Рыскулов,Болот Бейшеналиев,Советбек Жумадылов
МузыкасыВалентин Кончаков
ДиректоруУбукеев, Мелис
РедакторуБ. Жакиев
СтудияКыргызфильм
Чыккан жылы1964
Узактыгы63 мүнөт
ӨлкөсүКыргыз ССР
Тилиорусча

Кыргызфильм киностудиясында тартылган кыргыз режиссеру тарткан туңгуч толук метраждуу көркөм фильм.

Фильмдин режиссеру - Мелис Убукеев.


Тасманын Баяны

түзөтүү

Фильмдин сценарийи Мукай Элебаевдин "Бороонду күндөнүн"негизинде даярдалып башталып, кийин автордун "Узак Жол" жана башка чыгармалары да колдонулган.
1916 жылкы Үркүндөн кийинки мезгилдеги эл турмушун сүрөттөйт. Кыргыз киносунда алгачкы болуп кыйын кезеңге кабылган улуттун рухунун күчү, акылмандыгы чагылдырган көркөм тасма. Үркүндө Кытайга качып барган боз улан Мукаш жакындарынан толугу менен айрылып, атуулдук согуш алааматынын кучагына кабылган кыргыз жергесине кайтып келет. Узак жолдо Мукаш тоо арасында жалгыз отурган эски боз үйгө туш келет. Сүйлөшүп отуруп үй ээсинин кайтыш болуп анын жубайы менен кызы Уулжандын кыйын абалга кабылгандыгын билет. Уулжан 13 жаңы чыккандыгына карабастан мурунку болушка токолдука берилиши шартташылып коюлган болот. Мукаш Уулжанга өзүнүн окусам деген кыялын айтып берет. Уулжан Мукашка өзү менен ала кетүүсүн суранат. Качып бара жаткандар чоң дайрага жеткенде куугун келет. Мукаш куугунчулардын көңүлүн Уулжандан алаксытып тоого чыга качат. Асканын кырына чыгып Уулжандын суудан аман-эсен өткөнүн көрүп ишенгенден кийин, куугунчулар аны тутканга аракет кылып жетип келишкенде бойун аскадан ылдый тыштап, өзү жетпей калган кыялына Уулжандын жетишине жол ачат.

Сыйлыктары

түзөтүү

1965 ж. Алма-Ата шаарында өткөн Орто-Азия республикаларынын жана Казахстандын Бүткүл Союздук Кинофестивалы:

  • Мыкты көркөм тасма - 1 даражадагы диплом.
  • Мыкты аял оюну номинациясынын диплому. Бакен Кыдыкеева (Азиз Эненин оюну).

М. Убукеевдин башка кинолору

түзөтүү
  • 1969 ж. "Ак-Мөөр". Кыргызтелефильм.
  • 1981 ж. "Элеттик роман" (Провинциальный роман)
  • "Акын" (Алыкул Осмонов жөнүндө)
  • "Жили-были"
  • "Улуу манасчы"
  • "Түбөлүккө кайрылуу"
  • 1989 ж. "Акыркы манасчы" («Последний манасчи», 1989)

Интернет шилтемелер

түзөтүү

Тасманы онлайн көрүү(жеткиликсиз шилтеме)