Тайпин көтөрүлүшү - 1850-1864- жылдары Кытайдагы дыйкандар согушу.

Манчжурлардын Цин династиясына жана феодалдык эзүүгө каршы Хун Сю-цюандын жетекчилиги менен Гуанси провинциясында башталган. Негизинен дыйкандар көтөрүлгөн. Тайпин көтөрүлүшү башка жерг. көтөрүлүштөрдөн даярдыгы жана уюшкандыгы менен айырмаланган. Көтөрүлүштүн жүрүшундө Хун Сю-цюань башында турган Тайпин тяньго мамлекети түзүлгөн. 1852-1853-ж. тайпиндер өлкөнүн борбордук бөлүгүнө бир катар ийгиликтүү жортуул жасагандан кийин алардын саны 30 миңден 500 миңге кишиге жеткен. 1853-ж. мартта көтөрулүшчүлөр Нанкинди ээлеп, аны өз борборуна айландырган. Тайпин көтөрүлүшүнүн жетекчилери феодалдардын жерин конфискациялоо, бүткүл кыштак элин аскер жамаатына бириктирүү, жерди жамаат мүчөлөрүнө тен бөлүп берүү боюнча мыйзам чыгарган, бирок иш жүзүндө помещиктерге салыктын көбүн төлөтүү, дыйкандардын ижара акысын кыскартуу менен гана чектелген.

Тайпин көтөрүлүшүнүн жетекчилери бөлөк жердеги дыйкандар кыймылын күрөшкө багыттай алган эмес. 1856-ж. тайпиндер ич ара чыр-чатактан кийин экиге бөлүнүп (бирин Ши Да-кай. экинчисин Ли Сю- чэн жетектеген), 1863-1864-ж. феод, армияга жана чет элдик интервенци га (Улуу Британия, АКШ, Франция) таянган манжур өкмөтүнөн талкаланып, Нанкин манжурларлын колуна өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.