Талаа-Булак"Манас" эпосундагы топоним. Манас Алтайдан аттанып чыгып, калмак-кытай башта басып алган ата журту Ала-Тоону бошоткондо анын колунун Мунаркан башында турган бөлүгү душман менен беттешкен жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 532-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү, Комсомол совхозунун аймагында.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4