Покровка (Манас району)

Покровка, Манас району‎»‎ барагынан багытталды)

ПокровкаКыргызстандын Талас облусунун Манас районундагы айыл. Покровка айыл аймагына кирет.

Покровка
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Талас областы

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

7 419 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Талас дарыясынын боюнда, Капка плотинасынан 5км түндүк тарапта жайгашкан. Жамбыл (Олуяата) темир жол бектинен (Казакстан) 30км. 1874-жылы негизделген. Калкы 6,9миң (1999). Түрт орто негизги, 2 башталгыч мектептер, 5 китепкана, “Шер” кооперативинин универсал дүкөнү, соода комплекси, 7 азык-түлүк жана кеңири керектелүүчү товарлар дүкөнү, 2 кафе, бейтапкана, дарыкана, 3 фельдшер-акушердик пункт, байланыш бөлүмү, наабайкана, кичи ишканалар, маданият үйү, автоколонна, автобекет, райондук борборлоштурулган оорукана, ремонттоо-техника ишканасы, агрожабдуу, райондук электр тармагы, райондук коммуналык чарба, 2 бала бакча бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Покровка айылынын негшизги планын 1983-жылы кыргыз мамлекеттик курулуш долборлоо институту иштеп чыккан. Покровка жайгашкан жердин тегиздиги аны башка айылдардан кескин айырмалап турат. Көчөлөрү түз, үйлөрү тегиз катар менен салынып, көчөлөрдү бойлото арыктар жүргүзүлгөн. Покровка айыл өкмөтүнө Баласаруу, Жайылган, Карарча, Сөгөт кыштактары да карайт.

Калкы түзөтүү

Калкы ― 7419 киши (2009-жылы)[1].

Булактар түзөтүү