Талканов, Эрнис
Талканов Эрнис- акын. Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 1978-жылы 31-августта туулган.
1995-жылы Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектепти аяктап, 1998-жылы ушул эле айылдагы №81 кесипчилик лицейде окуп, «Компьютерде иштей билген бухгалтер» кесибин алып чыккан. 2003-жылы. Бишкек шаарындагы Кооперативдик техникумун аяктаган. 2008-жылдан Бишкек гуманитардык университетинин сырттан окуу бөлүмүндө билим алууда.
2000-2002-жж. эмгек жолун Тоң райондук социалдык коргоо башкармалыгында оператор болуп иштөөдөн баштаган. 2002-2007-жж. Бишкек гуманитардык университетинин басмаканасында дизайнер, 2007-жылдан ушул эле университетте компьютер техникасы боюнча инженерлик кызматта иш алып барууда.
1998-жылы алгачкы «Ата-энелер жыргал көргүлө» аттуу ыры Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде басылып чыккан.
Ч.Айтматов фонду уюштурган «Дебют-2007» адабий жайкы мектебинин сертификатынын ээси.
2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китеби түзөтүү
Кыргыз тилинде түзөтүү
Махабат музасы: Ырлар. - Б.: БГУнун басмаканасы, 2006. - 72 б. Махабат музасы 2: Ырлар. - Б.: Кыргызпатент, 2010.
Орус тилинде түзөтүү
Кыргызы на мировой исторической арене: Сост. Талканов Эрнис. - Б.: "Газета.KG", 2013. - 320 стр.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6