Бөкөнбаев

(Бөкөнбаев кыштагы барагынан багытталды)

БөкөнбаевТоң районунун жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. 1912-жылы негизделген. Ысык-Көлдүн түшүгүндө Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда Балыкчы темир жол бекетинен 88 км аралыкта жайгашкан. Үч орто мектеп, музыка жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана,бейтапкана, китепкана, бала бакча жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө мекемелери жана башкалар бар. Кыштак белгилүү акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган. 1944-ж. чейин Кольцовка деп аталган.

Айыл
Бөкөнбаев
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл облусу
Район Тоң району
Координаттар 42°06′36″N 76°59′24″E / 42.11000°N 76.99000°E / 42.11000; 76.99000Координаттары: 42°06′36″N 76°59′24″E / 42.11000°N 76.99000°E / 42.11000; 76.99000
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1912
Мурунку аталышы Кольцовка
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 14267[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Почта индекси 722300[2]
Бөкөнбаев (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

КалкыОңдоо

Калкы ― 14 267 (2021-жылы)[1]. Негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы