Талкуу:Төрт-Күл, Кемин району

Latest comment: 2 жыл мурун by Kmaksat

Достор, туура аталышы Төрткүл болушу керек (булагы - Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 11.06.2020, http://www.stat.kg/media/files/46c562ae-44ff-42f4-8809-a00d0a7cb531.doc)

--Kmaksat (баарлашуу) 04:20, 11 июнь 2021 (UTC)Жооп берүү
  • Сиз калтырган шилтемеңиз ачылбай жатат. Бирок Статистика комитенинин сайтында .doc форматында классификаторду (2017-жылкы, акыркы өзгөрүүлөр 2021-жылдын 11-майында киргизилген) таптым. Биринчи жолу карадым (өкүнүчтүү кыргыз тамгалары (ө, ү, ң) туура эмес көрсөтүлөт экен). Кыргыз вариантында сиз айткандай экен - Төрткүл, орус вариантында - Торт-Куль экен. Мурда кыргыз варианттагы классификаторду көргөн эмесмин, ошондуктан орус вариантына таянып макаланын аталышын өзгөрткөм. Андан тышкары башка райондордо да Төрт-Күл айылдарды көрүп жыйынтыкка чыккам. Ушундай болсо анда мурдагы аталышын кайтарып коём.

Орус тилиндеги колдонгон булактарым: 1) (Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (1.01.2021 карата)) -http://www.stat.kg/kg/statistics/download/operational/825/ 2) (Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору; 2012-жылкы) - http://www.stat.kg/stat.files/class.files/%D0%BA%D0%BB%D0%B0%D1%81%D1%81%D0%B8%D1%84%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D1%82%D0%BE%D1%80%20%D0%A1%D0%9E%D0%90%D0%A2%D0%95.pdf

--Bosogo (баарлашуу) 16:22, 17 июнь 2021 (UTC)Жооп берүү

Урматтуу Bosogo, арыбаңыз, бөлүшкөн сунуштарыңыздарга жана далилдериңиздерге рахмат, макулмун. Жана дагы классификаторлордун жаңы шилтемелерине да чоң рахмат.

--Kmaksat (баарлашуу) 03:09, 18 июнь 2021 (UTC)Жооп берүү
Return to "Төрт-Күл, Кемин району" page.