башка бетден түзөтүү

ҮРГӨНЧ – байыркы жана орто кылымдардагы Хорезмдин борбору. Тарыхый булактарда Гурганч, Гурганж, Журжания деген аттар менен белгилүү. Шаар чалдыбары Түркмөнстандагы Көөнө-Үргөнч кыштагынын жанында жайгашкан. Шаардын качан негизделгени али тактала элек. Жазма булактарда 10-кылымда Үргөнч Орто Азиянын эң маанилүү соода-экономикалык борборлорунун бири катары атагы алыска чыккан.

Үргөнч хорезмшахтардын тушунда гүлдөп-өнүккөн. 1221-жылы моңголдор жапырыгында талкаланган. 1224-жылы Жучи хандын ээлигине өтүп, калыбына келтирилген. 13-кылымдын ортосунан Батый негиздеген Алтын Ордонун курамына кирип, 14-кылымдын ортосунда кайрадан Хорезмдин борбору болуп калган. 1388-жылы Аксак Темирдин аскерлери талкалаган. 1391-жылы бир аздан калыбына келтирилген. Шаар 17-кылымда өз жашоосун токтоткон.

Үргөнчтө төбөсү он эки кырлуу Фахр-ад-Дин Рази (12-кылым) менен Текеш-шахтын күмбөзү жана башка археологиялык эстеликтер бар. Үргөнч же Жаңы Үргөнч (1929-жылдан) Өзбекстандын Хорезм облусунун админ. борбор шаары. Бул шаар мурдагы ордунан көчүрүлүп, кайра курулган.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Return to "Үргөнч (шаар)" page.