Талып Байболот уулу, Жыргалбай, Талып Молдо (1849, Чырак айылы, азыркы Жети-Өгүз району— 1949, ошол эле жер) — кыргыз этнографы, эл агартуучу, саякатчы.

Анын атасы Мекеге барып, кайткан эмес. Жыргалбай мусулман миссионерлеринин таасири менен чоңойгон. Бала чагында соодагерлердин кербени менен Анжиянга келет, ал жерден тааныш миссионер аны Самарканга окутуу үчүн жашырып алып кетет. Андан кийин Бухарага келип, ал жерде 6—7 жыл китепканада болуп, араб, перс тилдерин үйронөт. Бухара динчилери Жыргалбай ислам окууларын терең өздөштүргөнүнө баа берип, ага «Абу Муталиб» (арабча «Изилдөөнүн атасы») деген ат берген.
Кыргыздардын арасында Талып Молдо аталып кеткен. Талып Молдо Ысык-Көлге келип (8—10 жылдан кийин), коомдук-агартуу иштерин жасап, мугалимдик кылып кыргыздардын тарыхын, үрп-адатын, оозеки чыгармачылыгын, уруулар менен уруктардын карым-катыштарын изилдейт.
Дыйкандарга жер берүү, отурукташуу маселелерине, ошондой эле ак жерден кордук көргөндеөгө көмөк көрсөтүп, карапайым элге жардам берет. Чырак айлын негиздеген. Ал ар тараптуу жана кенен билимдүү болгон, көп тил билген (анын ичинде орус тилин да), берген сабактарында глобус, карта пайдаланып, химиялык тажрыйбаларды жасап, чыгыштын поэзиясын изилдеген.
Устачылык кылган (боз үйдүн жыгачтарын жасаган).
1916-ж. көтөрүлүш басылгандан кийин, Чыгыш Түркстанга кетип, 1919-ж. кайтып келген эмиграциянын мезгилинде Кашкар, Ак-Суу, Таримдин өрөөнүнөн Лобнорго чейин жеткен.
Совет мезгилинде «Эркин Тоо» газетасына кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине өткөрүү маселелери боюнча макалаларды жазган.
Анын изилдөөлөрү, айтуулары боюнча 1939—40-ж. А. Убукеев тарабынан «Кыргыз, кыргыздын түпкү теги, уруучулук курулушу, түрдүү салттары» деген тарыхый этнографиялык эмгек жаралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыздар. — В.: 1991.
  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.‎