Тамга, Жети-Өгүз районуЫсык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы кыштак. Тамга айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүгүндө, Тескей Ала-Тоонун этегиндеги жантайыңкы түздүктө, Тамга суусунун он өйүзүндө, Бишкек – Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1687 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 39 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 148 км. Калкы 3120 (2010); негизинен мал асырап, тоют даярдайт. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары жана «Тамга» санаторийи иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Илипбаев туулган.

Тамга
Тамга
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Ысык-Көл облусу

If:

Жети-Өгүз району

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

3 120 (2010)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Колдонулган адабияттар түзөтүү