Исмаилбек Таранчиев

Таранчиев Исмаилбек‎»‎ барагынан багытталды)

Таранчиев Исмаилбек (6. 4. 1923, азыркы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн району, Беш-Күнгөй кыштагы – 18. 3. 1944, Эстония, болжол менен Синимяэ, Ластиколония району) – Советтер Союзунун Баатыры (1991, өлгөндөн кийин), кенже лейтенант.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы чакырылып, Чкалов атындагы аскердик авиациялык мектепти бүтүргөн (1943).

Согушка 1944-жылдан кирип, 566-чабуул коюучу авиация полкунда (Ленинград фронту, 13-аба армиясы, 277-чабуул коюучу авиация дивизиясы) кызмат кылган.

Таранчиев согушта 36 жолу учуп, 1944-жылы 26-февралда Тарту (Эстония) аэродромуна чабуул коюу учурунда душмандын 3 самолётун жок кылган.

18-мартта күйүп жаткан Ил-2 самолётун душмандын топтолгон танктарын көздөй багыттап, катуу жоготууларга учуратып, баатырларча курман болгон.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Ленин, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Ал 1991-жылы 5-майда "Советтер Союзунун Баатыры" наамына (өлгөндөн кийин) ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Анын ишмердигин тарыхчылар Назарбек Түнтеев, Нарынбек Алымкулов ж.б. чагылдырышкан.