Тармал-Саз"Манас" эпосундагы топоним. Манас Алтайдан келип, калмак-кытай башта басып алган ата журтун бошоткондо Манастын колунун Үрбү башында турган бөлүгү душман менен беттешкен жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 533-б.). Бул аймак Кыргызстандын Кочкор өрөөнүндөгү аты уйкаш жерди элестетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4