Тарыхый мектеп – 19-кылымдын ортосунда Германияда пайда болгон саясий экономиянын багыты. Тарыхый мектептин негиздөөчүсү катары Ф. Лист аталып жүрөт. Анын В. Рошер, Б. Гильдебранд, К. Книс ж. б. теоретиктери саясий экономияга тарыхый методду киргизүүгө кылган аракеттери үчүн аталган багыт тарыхый мектеп деген атка конгон. Тарыхый мектептин өкүлдөрү саясий экономиянын негизги милдети катары чарбалык кубулуштарды сүрөттөп жазууну аташкан.

Бардык өлкөлөр үчүн жалпы болгон объективдүү экономикалык мыйзамдардын болушун четке кагышкан, ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн кайталангыс жолдорун баса белгилешкен. Тарыхый мектеп саясий экономияны улуттук экономия тууралуу окуу менен жаңылыш алмаштырышкан. 19-кылымдын 70–80-жылдарында тарыхый мектеп саясий экономиянын башка мектептери тарабынан четке сүрүлүп калган. Тарыхый мектептин негизги идеялары кийин жаңы (жаш) тарыхый мектептин өкүлдөрү тарабынан улантылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004