Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коому

Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коому – коомдук ыктыярдуу уюм. 1966-ж. уюшулган. Кыргызстандын аймагындагы тарых жана маданият эстеликтерин табуу, каттоо, коргоо, калыбына келтирүү, пайдалануу жана калкты алар менен тааныштыруу боюнча мамлекеттик органдарга көмөктөшөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.