Татымал өсүмдүктөр – эрте түшүм берүүчү жана көк кезинде (жаны бойдон) тамак-ашка колдонулуучу өсүмдүк тобу: салат, шпинат, ашкөк, шибит, ышкын, козу кулак ж. б. тез өсүп жетилүүчү жалбырактуу жашылча өсүмдүктөр жана шалгам. Татымал өсүмдүктөрдүн курамында түрдүү витамин (A, С ж. б.), минерал заттар көп. Адамга жагымдуу келип, жакшы сиңет. Салат, шпинатта 31–34%тей белок болот. Татымал өсүмдүктөр 20–60 күндө жетилип, тамак-ашка толук жарайт. Бул өсүмдүктөр күрдүү жана нымдуу жерде жакшы өсөт. Татымал өсүмдүктөр ачык жана жабык аянтка өстүрүлөт. 12–15°С жылуулукта жакшы өсөт. 3–5°С суукка чыдайт. Шпинат суукка өтө байымдуу. Татымал өсүмдүктөр тез өсүп жетилгендиктен, бир жылда бир нече жолу түшүм алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү