Ташполот Балтабаев
Балтабаев Ташполот - (1945-ж. туулган, Баткен облусу, Баткен району, Актурпак айылы) кардиолог, медицина илимдеринин доктору (1989), профессор (1994), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлык лауреаты. КММИни бүтүргөн (1974), Кардиология ИИИде илимий кызматкер, илимий бөлүмдүн башчысы, 1999жылдан Кардиология жана терапия УБнун директорунун орунбасары. КРдин эмгек сиңирген врачы. 150 илим эмгектин, анын ичинде монографиянын автору. Эмгектери: Способ купирования отёка лёгких и диагностика скрытой сердечной недостаточности с шомощью отрицательного давления на нижние конечности. Ф., 1987; Сердечная недостаточность при остром инфаркте миокарда. Ф., 1988; Роль диастолического резерва сердечной недостаточности у больных инфарктом миокарда. Б., 2001.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4