Тегирменсай көрүстөнү – Андрон маданиятына таандык археологиялык эстелик. 1961-ж. Чүй өрөөнүнүн Жыламыш капчыгайынын чыга беришиндеги Тегирменсай деген жерден табылган. Сүйрүсүнөн келген көрүстөндү казууда өрттөлүп, 1,40 м тереңдикте көмүлгөн адамдын сөөгү, колодон жасалган шурулар, сөйкө, эки чопо идиш табылган. Бул көрүстөндөрдү А. К. Абетеков изилдеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.