Тежен, ГерирудОоганстан жана Түркмөнстандагы дарыя; айрым жерлеринде бул өлкөлөрдүн Иран менен табигый чек арасы болуп эсептелет. Узундугу 1150 км, алабынын аянты 70,6 миң км2. Афганстандын аймагында Герируд, Иран менен Түркмөнстанда Тежен деп аталат. Ал Афганстандагы Кохи-Баба тоосунун 3000 м бийиктиктигинен башталып, кууш, түздүктөрдө кеңири өрөөн менен агып, Тежен оазисинде соолот. Сугатка кеңири пайдаланылат. Негизинен кар сууларынан куралат. Орточо чыгымы 30 м?/сект& жакын. Ылайлуулугу эң жогору. Март-май айларында кирип, августноябрда тартылат. Дарыяда 4 суу сактагыч курулган. Негизги куймасы Жам-Руд. Жээгинде Герат, Сарахс, Тежен шаарлары жайгашкан.

Тежен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү