Теккерей, Уильям Мейкпис (англ. William Makepeace Thackeray; 18. 7. 1811, Индия, Калькутта – 24. 12. 1864, Англия, Лондон) – англис жазуучусу. 19-кылымдагы англис романчыларынын беделдүү өкүлдөрүнүн бири. Таланттуу карикатурист да болгон. Чыгармалары ар кандай жанрда (роман, повесть, юмордук аңгеме, пародия, очерк, баллада ж. б.), бирок бир идеялык багытта жазылган. Теккерейдин «Сары чийкилдин жазмалары» (1840), «Кэтрин» (1840) повести; «Атактуулардын романы» (1847) деген пародиялар түрмөгү, «Ээрчимелер китеби» (1847), «Көйрөңдөр жарманкеси» (1848), «Пенденнис» (1850), «Генри Эсмонддун таржымалы» (1852), «Ньюкомдор» (1855), «Виргиниялыктар» аттуу романдары бар. Теккерей чыгармаларында сатиралык-юмордук романдардын жаңы тибин түзүп, социалдык сатиранын мүмкүнчүлүгүн кеңейткен, реализмди тереңдеткен.

Уильям Теккерей.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү