Тема (Нукта) (гр.— нерсе, предмет) — адабий чыгармада автор тарабынан идеяны ачып берүү үчүн атайын турмуштук көрүнүштөр, окуялар, негизги маселелердин жыйындысы, көтөрүлгөн проблемалар. М. Горькийдин сөзү менен айтканда: «Тема автордун турмуштук тажрыйбасынан жаралган идея». Ошондуктан тема менен идея ажырагыс биримдикти түзүп турган көркөм чыгарманын өзөгү. Тема көбүнчө окуялуулук, окуялар системасы менен белгиленет. Аны тандоо, сөзсүз, жазуучунун дүйнөгө болгон көз карашы, фантазиясына байланыштуу. Бир эле темада ар кандай идеялык-көркөмдүк салмактагы чыгармалар жазыла бериши мүмкүн. Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги качкындын турмушун өз чыгармаларына тема кылып алган эки жазуучу Ч. Айтматов («Бетме-бет») жана В. Распутин («Эсен болуп, эстей жур») бир эле темада ар башка мүнөздөрдү түзүп, ар башка ойлорду айта алышты.
Ар кандай баатырдык эпостун башкы темасы жана ага ылайык түзүлгөн борбордук сюжети болот. Баатырдык эпостордун негизги темасынан идеялык мазмунуна аны толуктап, кеңитип турган башка зарыл көмөкчү темалар да кирип, эпостун сюжеттик сызыгын көркөмдүк жактан толуктап турат.
Кыргыз элинин оозеки поэтикалык чыгармаларынын ичинен негизги орунду ээлеген баатырдык эпостор тематикасы жана мүнөзү боюнча турмуштук эпостордон айырмаланып, өзгөчө классификациялык топту түзөт. Кыргыздын баатырдык эпосторунда элдин тарыхый өнүгүшүнүн ар кандай этаптарындагы доордун мүнөзү чагылдырылгандыктан тематика боюнча да өз ара бири-биринен айырмаланат. Маселен, «Эр Төштүк» эпосу негизинен алгачкы жамаат түзүлүшүнүн ыдыроо мезгилиндеги мифтик күчтөр (желмогуздар) менен адамдардын баатырдык идеалынын күрөшүн чагылдырат.
Жунгар доорунда (15 — 18-кылымдарда) элдин көз карандысыздык жана ата журтту коргоо идеялары реалисттик планда «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза» эпосторунда чагылдырылган. Аларда тематикалык жактан бир эле коомдук түзүлүш чагылдырылганы менен, анын ар кандай кырдаалдарын, ар түрдүү учурларын көрсөтөт.
Орус фольклористи, профессор В. Я. Пропп элдик эпикалык чыгармалардын эволюциялык өнүгүшүн тарыхый салыштырма ыкма менен изилдеп, алгачкы баатырдык эпостор закон ченемдүү көрүнүш катары байыркы коомдук түзүлүштүн өнүгүшүнүн акыркы баскычтарында пайда болот деген жыйынтыкка келет. Алгачкы жамаат коомунун бузулуу мезгилинде эпикалык чыгармалардын борбордук темалары «баатырдык үйлөнүү» жана «мифтик күчтөр менен күрөшүү» болорун белгилейт (В. Я. Пропп, Русский героический эпос. М., 1958, изд. 2-ое, 32 — 58-б.), Е. М. Мелетинский бул негизги эки темага үчүнчү теманы «Уруулук өч алуу» темасын кошот (Е. М. Мелетинский. Происхождение героического эпоса. М., 1963. 258-б.). Көөнө типтеги алгачкы баатырдык эпосторго мүнөздүү бул темалар «Манас» үчилтигинен да орун алган.
«Манас» эпопеясынын композициялык курамында социалдык-турмуштук эпизоддор («Манастын Каныкейге үйлөнүшү», «Көзкамандар окуясы», «Көкөтөйдүн ашы») кенен масштабда сүрөттөлгөнүнө карабастан, жоокерчилик доордун күч алып турган мезгили, (10— 18-кылымдар) «аскердик демократиянын» чагылышы эпостун башкы тематикасын түзөт да, чыгарма баштан аяк баатырдык мүнөзгө ээ. Эпостун идеялык пафосу Манас баатырдын мифтик кара күчтөргө жана кыргыз элинин чет жердик баскынчыларга каршы элдешкис күрөшүнө байланыштуу. Үчилтиктин биринчи бөлүгү Бээжинде баатырлардын окко учушу, Манастын өзү оор жарадар болуп келип, дүйнөдөн кайтышы менен аяктап, эпопеянын андан ары уланышына шарт түзүлөт. Ошентип, биринчи бөлүк менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан экинчи бөлүктө «Манас» эпосунун каармандарынын өмүрлөрү трагедиялуу аякташына себепчи болгон Коңурбай кулоо, кыйроо процессинде көрсөтүлөт. «Семетей» эки теманы: Мекен үчүн ички жана сырткы душмандарга каршы күрөштү жана турмуштук-лирикалык мамилелерди камтыйт. Ал эми үчилтиктин үчүнчү бөлүгү «Сейтек» эпосу сюжеттик жагынан «Манас», «Семетей» бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта болсо да, композициялык жагынан өз алдынча чыгарма. Анын негизги идеясы — мурунку эки бөлүмдөгүдөй эле ички жана тышкы душмандарды жок кылып, чабылып-чачылган элдин башын кошуу. Баш каарман Сейтек чоң атасы Манастын , атасы Семетейдин ишин улантып, алардын самап, күрөшүп, толук жете албай келген ой-максатын жүзөгө ашырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү