Темир (айыл)

Темир, Ысык-Көл району‎»‎ барагынан багытталды)

Темир (кырг. Темир) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Темир айыл округу составына кирет. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1629 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 104 км. Орто мектеп, китепкана, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Жумадылова, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж. Сейдакматова туулган. Кыштак белгилүү саякатчы, улама, орусча окуган, күңгөйдө элди отурукташтырууга активдүү катышкан, дыйканчылыкка өтүүнү уюштурган, ишмер Темир Усуп уулунун ысмынан аталган.

Отурукташкан жай
Темир
Район Кыргызстан
Координаттар 42°42′21″ с. ш. 77°25′01″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 4 849[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Почта индекси 722120[2]
Темир (айыл) (Кыргызстан)

Калкы 4 849 киши (2021)[1], негизинен мал асырап, дыйканчылык кылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү