Теннонизм (япончо – тенно-асман императору; көктөн түшкөн император) – Японияда императорду кудай деп тааныган идеология. еннонизмдин негизги идеялары 1887-ж. императордук бийликти калыбына келтирүү мезгилинде иштелип чыккан жана официалдуу идеология катары Мэйдзи конституциясында бекитилген. Император «Тирүү кудай» же «киши кудай» катары көрсөтүлгөн. 1889-ж. 11-февралда кабыл алынган Улуу япон империясынын Конституциясы – теннонизмдин доктринасынын негизинде иштелип чыккан. Бул негизги мыйзамды иштеп чыгууда Европа өлкөлөрүнүн Конституциялары кеңири пайдаланылып, көп ойлорду өзүнө камтыса да, Япониянын жергиликтүү өзгөчөлүктөрү өтө чыгармачылык жана ийкемдүүлүк менен эске алынган. Жыйынтыгында, монархиялык түзүлүш мыйзамдуу негизге ээ болушу саясий эркиндик жана укуктарды кеңейтмек турсун кайра аны чектөөгө алып келген. ХХ кылымдын башында капиталисттик мамилелердин өнүгүшү жана социалдык-таптык структуранын өзгөрүшү менен императордун бийлигин чектөө жана парламенттин бийлигин көбөйтүү зарылчылыгы келип чыккан. Кландык өкмөттүн ордуна партиялык кабинеттер доору келген, б. а. бийликтин демократиялык механизмдерин орнотуу башталган. 1947-ж. Японияда демократиялык Конституциянын кабыл алынышы менен теннонизмдин өнүгүшүндө жаңы этап башталат. Демократия үчүн бийликти кимдер алып барары анча мааниге ээ эмес. Ал үчүн жогорку бийликтин башында турган адам элдин жыргалчылыгын ойлоп, элдин мүдөөсүн эске алууга тийиш (Н. Есино). Япония өкмөтү салттык баалуулуктарды эске алуу менен улуттук биримдиктин идеологиялык платформасын иштеп чыгуунун үстүндө иштөөдө. Япония монархиясынын өзгөчөлүгү – коомдогу ар кандай өзгөрүүлөргө дайыма так жана ийкемдүү ыңгайлашып, ошону менен бирге эле, өзүнүн салтка ылайык негизги маңызын сактап келгендигинде.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9