«Теориялык философия» – бул окуу, илим, белгилүү бир принциптердин, закондордун, категориялардын, концепциялардын, теориялардын тутуму, системасы.

Ал китеп, трактат, макала түрүндө элге жайылат. Адамзаттын баскан жолуна назар бурсак, мындай философия байыркы гректер тарабынан энчилүү атын алып, билим чөйрөсүндө өз ордун таап, кийин мектеп, академия, университеттерде окутулуп, илим – теория жолу менен өнүгүп, өркүндөй баштаган. Ага берилген, аны кесип тутуп, атайлап ага кызмат кылган, ушул тармакка «адистешкен» кишилер чыккан. Белгилүү бир калыпка түшүп, белгилүү бир үрп-адат күткөн, салт түзүлгөн. «Теориялык философия» бардык элде өрүш алган эмес жана бардык жерде бир кылка өнүккөн эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8