Терек (кырг. Терек) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Алай районундагы айыл. Алай айыл округу составына кирет. Терек суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2012 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 46 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 126 км.

Отурукташкан жай
Терек
Район Кыргызстан
Координаттар 40°00′53″ с. ш. 73°33′08″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги 2012 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1600[1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Терек (Алай району) (Кыргызстан)

Калкы - 1 600 киши (2023-ж.)[1]; негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.

Булактар

түзөтүү