Тилекеев Асан (1930, Чүй облусу, Панфилов району, Ортоарык айылы –1991, Бишкек) – тарых илиминин доктору (1988), профессор (1989).
1951-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин (1951), Ташкендеги В. И. Ленин атындагы Орто Азия мамлекет университетин (1954) бүтүргөн.
1951–53-жылы Ташкөмүр шаарында, Ачы районунда мектептерде директор.
1954–61-жылы Ош педагогикалык институтунда, В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунда улук окутуучу, проректор.
1964–70-жылы Бишкек политехникалык институтунда окутуучу, доцент.
1970–82-жылы Кыргызстан БКнын Партия тарыхы институтунда улук илиминин кызматкер.
1982–86-жылы Кыргызстан мамлекет дене тарбия институтунда кафедра башчы.
1986-жылдан КМУнун саясий тарых кафедрасында доцент, профессор болуп иштеген.
Анын илиминин эмгектери КПССтин агрардык саясатына, Кыргызстан компартиясынын тарыхына арналган. 40тан ашык илиминин эмгектин автору.
Эл агартуу отличниги (1989).

Колдонулган адабияттар түзөтүү