Тимур шах Дуррани (1748-жыл18-май 1793-жыл) — Ахмад шахтын тун уулу, 1772-жылдан 1793-жылга чейин Ооганстанды башкарган.[1]

Тимур шах Дуррани
Пушту تېمور شاه دراني
Тимур шах Дуррани
Желек
Желек
Дуррани империясынын шахы
16-октябрь 1772 — 18-май 1793
Андан мурунку: Ахмад-шах Дурранби
Андан кийинки: Земан шах Дуррани
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1748-жыл
Туулган жери: Мешхед
Каза болгон жылы: 18-май 1793-жыл
Каза болгон жери: Кабул
Уруусу: Дуррани
Атасы: Ахмад шах Дуррани
Балдары: Земан шах Дуррани, Шужа шах Дуррани, Аюб шах Дуррани

Өмүр баяны

түзөтүү

Мешхед шаарында (Иран) туулган. Улуту — пуштун. 1757-жылы атасы Ахмад шах Дуррани аны 9 жашында эле Пенжаб жана Кашмирдин башкаруучусу кылган. Моголдор империясынын императору Аламгир IIнин кызына үйлөнгөн Тимур шах Сирхинд аймагын анын карамагында алган, бирок чындыгында 1757-жылдын майынан 1758-жылдын апрелине чейин ага регент Жахан хан бийлик кылган.[2]

Тимур шах 1772-жылы бүткүл өлкөнүн башкаруучусу болуп калганда, губернаторлор ага баш ийүүнү каалабагандыктан, ал өзүнүн башкаруусунун көп бөлүгүн өлкөнүн үстүнөн бирдиктүү бийликти калыбына келтирүү менен өткөргөн. 1776-жылы Тимур шах Дуррани мамлекетинин борборун Кандагардан Кабулга көчүргөн. Тимур шахтын тушундагы Дуррани империясынын армиясы 20 миң кишиден турган.[3]

Тимур Шах Дуррани 1793-жылы 18-майда каза болгон. Ал өлгөндөн кийин анын уулу Земан шах өкүмдар болгон.[4]

Булактар

түзөтүү