Шужа шах Дуррани (4-ноябрь 1785-жыл5-апрель 1842-жыл) — 1803—1809-жылдары Дуррани империясынын шахы, 1839-жылдан өлгөнгө чейин Ооганстандын эмири.[1]

Шужа шах Дуррани
Пушту شاه شجاع درانی
Шужа шах Дуррани
Желек
Желек
Дуррани империясынын шахы
1803 — 1809
Андан мурунку: Махмуд шах Дуррани
Андан кийинки: Махмуд шах Дуррани
Желек
Желек
Кабул эмири
1839 — 1842
Андан мурунку: Дост Мухаммад хан
Андан кийинки: Акбар хан
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 4-ноябрь 1785-жыл-
Каза болгон жылы: 5-апрель 1842-жыл
Каза болгон жери: Кабул, Ооганстан Эмирлиги
Уруусу: Дуррани
Атасы: Тимур шах Дуррани

Өмүр баяны түзөтүү

Шуджа шах 1798—1801-жылдары Герат менен Пешавардын губернатору болгон. Ал 1801-жылы октябрда өзүн Дуррани империясынын шахы деп жарыялаган (бир тууганы Земан шах бийликтен алынгандан кийин)[2], бирок ал такка 1803-жылдын 13-июлунда гана отурган.

1809-жылы Шужа шах Франция менен Орусиянын баскынчылыгынан коргонуу каражаты катары Британия менен союзга кирген.

1809-жылы 3-майда Шужа шах өзүнөн мурунку Махмуд шах тарабынан бийликтен четтетилген жана ал Индияга сүргүнгө кетүүгө аргасыз болгон, ал жерде Яханда хан Бамизай тарабынан Аттокто (1811—1812), андан кийин Кашмирде ( 1812—1813).

Махмуд шахтын увазири Фатех хан Кашмирге кол салганда Шужа шах сикх аскерлери менен бирге барууну чечет. 1813-жылдан 1814-жылга чейин Лахордо болгон. Эркиндиги үчүн ал Махаража Ранжит Сингхке Кохинур алмазын берген. Андан кийин ал Земан шах менен адегенде Пенжабда, андан кийин Лудхианада калды.[3]

Булактар түзөтүү