Токой зыянкечтери - токой, дарак жана бадал зыянкечтери.

Өтө зыяндуусу - курт-кумурскалар, алардан кийинкиси - кенелер жана кемирүүчүлөр. Токой зыянкечтери азыктанышына карата түрдүү зыян келтирет. Жалбырак жегичтер көп жана түрдүү. Аларга токой курт-кумурскасынын жалбырак жегич ар кыл түркүмү кирет. Ыңгайлуу шартта булар өтө көбөйүп, жүз миң гага чейин тарайт да, дарак жалбырагын жеп, токой чарбасына чоң залал келтирет. Сөңгөк зыянкечине коңуздар түркүмү (кабык жегич, кыл муруттуулар, шиш тумшуктар), көпөлөк кирет. Алар ткандардын ичинде, кабыктын астында жана сөңгөктү оюп, көбүнчө илдеттүү даракка уялайт. Тамыр зыянкечтерине сиркесин топуракка таштап көбөйчү тамыр жегич түрдүү коңуз курту кирет.

Токой дарагынын урукчул, данекчил зыянкечтери да бар. Токой зыянкечтерине инсектицид чачылат, курт-кумурскачыл канаттуулар, токой кумурскалары коё берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.