Ал — абалактын бир түрү. Мунун «ордо оюну» үчүн эң мурун чыккандыгы элдик эпостордо даана айтылат. Кыргызстандын айрым аймактарында (Түштүк Кыргызстанда, Таласта, Чүйдө ж.б. ) «Ордо оюну» азыр да томпой менен ойнолууда. «Ордо» томпоюн жасаган чеберлер да бар. Ордо атууга оң томпой керек. Айрым сологой ордочуларга сол томпой жасалат. Натыйжада, мында «оң томпой», «сол томпой» деп айтыла берет. Ордо томпоюн жасоодо бөктүн үстүн жана эки жанын бычак сырты кылып чабат. Демек, алчысы терең эмес, тогологураак барып тууралжын тарткан томпойлор тандалат.

Ордо томпою үчкө бөлүнөт: чийки томпой оорураак келет. Куу томпойду талаадан тандап алат. Боз томпой бышкан жиликтен алынат. Негизи атан төөнүн чийки жилигинен омкоруп алган томпойдой болбойт. Ошондуктан, төөнүн, жүз уйдун томпоюнан иргелип отуруп, бири тандалат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)