Абалак - кыргыздын "ордо" аталган спорт оюнундагы термин. Абалак - бул ордого салынган чүкөлөрдү, канды атууга, чертүүгө колдонулуучу курал. Абалакка чейин ордодо томпой колдонулган. Абалак тоо теке, кулжа мүйүздөрүнөн жасалган. Болжол менен узундугу укум (10-12 см), калындыгы жоон элиден астам (2,5 - 3 см), туурасы торт эли (8-9 см) болгон торт бурчтуу курал. Атканда, черткенде колдон жылмашпас үчүн абалактын кырларынын четтерине каршы-терши, жик-жик сай салып, быдырлап койгон.

Абалактын жасалышы: «Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз чуңкурча, кайкыраак болушу үчүн ага шынаа сымалданган жыгач коюп, тегиз эки жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө бастырат. Бир топ күндөн кийин калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин аралап, өгөөлөп, жонуп, абалак түспөлүн берет. Эптүү болушка анын баш бармак, сөөмөй, ортон кармай турган эки чети араа, бычак аркылуу каршы-терши «торчолонот». Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип, жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет.

Абалактын түрлөрү Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир жарым элидей болот. Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак. Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат. Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор абалак чүкөнү сындырат. Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат. Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп айтылат.


Адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек - 2003.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү