Тоорак
Тоорак, Тоорактуу — "Манас" эпосундагы топоним. Кытайлар менен болгон экинчи жолку урушта Манас менен Жолойдун диалогунда эскерилет:
Кең Алтайда Тоорагы,
Тоорактуунун жоргодо,
Он экиге толгондо,
Тозокту чогуу бир салдым.
Кечилдин кесип кекесин
Миң төөдө чайың бир алдым (Саякбай Каралаев, 1. 156).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4