Тоо-Челек
Тоо-Челек — "Манас" эпосундагы топоним. Айчүрөк ак куу кебин кийип, учуп чыгып Сары-Аркадан көргөн Көкчөнүн уулу Үмөтөй сынына толбой, андан ары:
Турбай-тынбай эр издеп,
Талаа-Челек басты эми
Тоо-Челекти ашты эми,
Ысык-Көлдү кыдырып,
Кызыл-Кыя барды эми (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 363), — деп айтылат. Географиялык реалияда Алматы облусундагы капчыгай, өрөөн, суу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4