Тоо эчки (лат. Cарга, L. 1758) - ача туяктуу сүт эмүүчүлөрдүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумунун уруусу.

Бакма теке (Capra hircus).

Текеси ири, мүйүзү чоң, ээгинде сакалы бар. Эчкиси кичирээк, желини 2 үрптүү. Жүнү кылчыктуу, түбүндө тыбыты болот. 10 түрү Европа, Азия жана Африканын тоо лорунда таралган. Алар аскалуу бийик тоолордо үйүрү менен жашайт. Аска, жарларга оңой чыгат, шамдагай. Жайында тоонун чокусуна чыгып, кышкысын төмөнүрөөк түшөт. Өсүмдүк менен азыктанат. Тянь - Шанда сибирь тоо эчкиси жашайт. Өңү боз. түнүчүндө, эртең менен, түштөн кийин салкында оттойт. Алар 2-3 жашында үйүргө кошулат, полигамдар. 5 ай көтөрүп, май-июнь айында 1-2 улагын тууйт. Тоо эчки аңчылык үчүн баалуу жаныбар. кыргызстанда тоо эчки көп. Бакма эчки тоо эчкилерден келип чыккан.

Түрү түзөтүү

 
Бурамамүйүз теке (Capra falconeri).

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү