Тропиктик чөл климаты - ысык (орточо айлык температурасы 35°Сга чейин) жана өтө кургак, кескин континенттик климат.

Намиб чөл.

Ички суулары жокко эсе. Жылдык жаан-чачыны 100-200 мм. Т. ч. к. көбүнчө Африкада (Сахара, Намиб чөлдөрүндө), Азияда (Араб жарым аралында), Австралияда (Чон Кум, Виктория чөлдөрүндө), Түндүк жана Түштүк Америкада (материктердин батыш жээктерин бойлой) кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4